Түркия АКШга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.
1757845
Түркия Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Филадельфия шаарында чыккан өрткө байланыштуу көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «АКШнын Филадельфия шаарында бир имаратта чыккан өрттөн көптөгөн адамдардын каза болушу жана жаракат алышы терең кайгыга салды. АКШ элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-делди.
Кечээ шаардагы 3 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 13 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган болчу.