Түрк аба жолдору Мароккодон 310 адамды эвакуациялады

Түрк аба жолдорунун ТК  - 618 номердеги Касабланка – Стамбул каттамын аткарган эвакуация учагы кечээ Түркия убактысы боюнча саат 22:50дө Стамбул аэропортуна конду.

1758294
Түрк аба жолдору  Мароккодон 310 адамды эвакуациялады

Түрк аба жолдору Ковид  - 19дун омикрон вариантынан улам Марокко өкмөтүнүн аба аянтын бардык жүргүнчү каттамдарына жапкандан кийин өлкөдө калган 310 адамды эвакуациялык каттам менен Стамбулга алып келди.

Түрк аба жолдорунун ТК  - 618 номердеги Касабланка – Стамбул каттамын аткарган эвакуация учагы кечээ Түркия убактысы боюнча саат 22:50дө Стамбул аэропортуна конду.

Учакта Мароккодо калган түрк жүргүнчүлөрү менен бирге чет элдик жарандар да бар.

Чет элдиктердин өз өлкөлөрүнө барышы үчүн башка учактарга которулары билдирилди.

Бир тараптан Түркиянын Рабат элчилигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, алдыдагы күндөрдө Мароккодон Түркияга атайын каттамдар улантылат. Буга ылайык, түрк аба жолдору  январь айынын аягына чейин Касабланкадагы Мухаммед V эл аралык аэропортунан дагы кеминде 9 атайын каттам уюштурат.

Билет алуу иштери Мароккодогу саякат агенттиктери, түрк аба жолдорунун билет сатуу бюролору менен интернет сайты аркылуу  жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар