Түркия Грецияны эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди урматтоого чакырды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркияга каршы билдирүүлөрүн «чагымчыл риторика» деп мүнөздөдү.

1757380
Түркия Грецияны  эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди урматтоого чакырды

Түркия Грецияны эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди урматтоого чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркияга каршы билдирүүлөрүн «чагымчыл риторика» деп мүнөздөдү.

Билгич темага байланыштуу суроого жазуу түрүндөгү жообунда, «Грециянын биздин өлкөбүздүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого болгон эркин коркунуч катары мүнөздөшүн жана бул багытта реалдуу эмес бир пикир жаратуу аракетин четке кагабыз. Эгер аймакта коркунуч бар болсо, бул коркунуч Грециянын чыңалууну күчөткөн бир тараптуу аракеттеринен келип чыгууда»,деген билдирүү жасады.

Дендиастын билдирүүлөрүнүн популисттик дооматтар экенин баса белгилеген катчы Билгич: «Грециянын тышкы иштер министри Дендиастын дээрлик күн сайын жасаган Түркияга каршы билдирүүлөрү тынчтыкка жана стабилдүүлүккө кызмат кылбаган, реалдуулуктан ажыраган популисттик дооматтар. Бул чагымчыл риторика жакшы коңшулук мамилелерге да, биз Греция менен кайрадан баштаган кеңешүүчү сүйлөшүүлөрдүн рухуна да туура келбейт»,-деп серебин салды.

Билгич билдирүүсүндө Дендиастын диалогдун ордуна чыңалууну артык көргөнүн белгилеп, Грециянын эл аралык укукка каршы максималисттик дооматтары менен Эгей жана Жер Ортолук деңизде чыңалууну күчөтүү үчүн кыймыл-аракеттерди жасаганын баса белгиледи.

Билгич билдирүүсүндө Грецияны эл аралык келишимдерди жана мыйзамдарды урматтоого чакырганын белгилеп: «Грециянын биздин өлкөбүздүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого болгон эркин коркунуч катары мүнөздөшүн жана бул багытта реалдуу эмес пикир жаратуу аракетин четке кагабыз. Сиздерди эл аралык мыйзамдарды жана эл аралык келишимдерди урматтоого чакырабыз»,-деди.

Дендиас кечээ өлкөсүнүн борбор шаары Афинада Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан Аль Сауд менен өткөргөн маалымат жыйынында, Түркиянын куралдандырлышы эл аралык укукка каршы келген Эгей аралдарын куралдандырууга байланыштуу билдирүүлөрүнө реакция кылып, Түркия аймакта агрессивдүү саясат жүргүзүп жатат деген дооматты ортого салган.



Тектеш кабарлар