Министр Дөнмез кен байлык экспортунда рекорд жаңыланганын белгиледи

Дөнмез, 2021-жылдагы тоо-кен экспортун баалоо жыйынында сөз сүйлөп, өткөн жылдын энергетика жана тоо-кен тармагында ийгиликтүү аяктаганын айтты.

1756961
Министр Дөнмез кен байлык экспортунда рекорд жаңыланганын белгиледи

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез кен байлык экспортунун өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга өскөнүн белгилеп:«Өткөн жылы 5 миллиард 930 миллион долларлык кен байлык экспорт жасалып, республиканын тарыхындагы рекорд жаңырды»,- деди.

Дөнмез, 2021-жылдагы тоо-кен экспортун баалоо жыйынында сөз сүйлөп, өткөн жылдын энергетика жана тоо-кен тармагында ийгиликтүү аяктаганын айтты.

2021-жылы алтында 7,6 миллиард доллар экспорт жана 5,6 миллиард доллар импорт болгонун баса белгилеген Дөнмез, тоо кен өнөр жайынын 2009-жылы 11 миллиард лира болгон ички дүң продукцияга кошкон салымынын 2020-жылы 59,2 миллиард лирага чейин болжол менен 6 эсеге өскөнүнө көңүлдөрдү бурду..

2000-жылы кен байлык экспортунун 565 миллион доллар болгонун эске салган Дөнмез: «Өткөн жылы 5 миллиард 930 миллион долларлык кен экспорту жасалып, республика тарыхынын рекордун жаңылады. 20 жылда 10 эседен ашык өсүшкө жетиштик. Салыштырсак, 2020-жылы  4 миллиард 270 миллион доллар болгон  кен экспортубузду жылдык эсепте 40 пайызга өстүрүүгө жетиштик»,-деп айтты.

Дөнмез өткөн жылы кен байлык экспортунда Кытай, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Испания, Болгария, Бельгия, Италия, Индия, Швеция, Германия, Франциянын болгонун, бул жылы Индонезия, Өзбекстан, Гонконг, Албания жана Сербия ал тизмеге кошулганын билдирди.

Эң интенсивдүү экспорт жасалган өлкөлөрдүн арасында Кытайдын 28 пайыз менен биринчи орунда турганын белгилеген Дөнмез, Кытайдан кийин 9,7 пайыз менен АКШ, 5 пайыз менен Испания, 4 пайыз менен Болгария жана Бельгия турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар