Эрдоган кечээ кабинет жыйынынан кийин маалымат берди

Эрдоган: «Өлкөбүздө 6 пайызга түшүргөн инфляцияны ишке ашырып, аны кайра бир орундуу санга тез арада түшүрүүдө чечкиндүүбүз».

1756465
Эрдоган кечээ кабинет жыйынынан кийин маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын эпидемия учурунда чоң жыйырмалыкка кирген өлкөлөрдүн ичинен экономикалык жактан эң тез оңолгон өлкө болгонун айтты.

Президенттик кабинеттин жылдын биринчи жыйынынан кийин маалымат берген Эрдоган дүйнөнүн Түркиянын эпидемияга карабастан турган жерин жогору баалагандыгын айтып : «Түркияны глобалдык саламаттык сактоо кризисинен оң багытта ажырата алдык»,- деди.

Эпидиянын экономикаларга басымы күчөгөнүнө карабастан Түркиянын өткөн жылы экспортто рекорд койгонун, 20 жыл мурда 88 миллиард долларга жетпеген тышкы соода көлөмүнүн 500 миллиард доллар чегине жеткенин эске салган Эрдоган : «Эпидемия учурунда чоң жыйырмалыктар өлкөлөрүнүн ичинен эң тез оңолгон өлкө болдук. Түркия 2021-жылы инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана экономикадагы учурдагы тең салмактуулукка багытталган өсүүнү жашады. Эки орундуу өсүү темптерине жетебиз деп ишенебиз»,- деп  айтты.

2021 - жылы жылдык инфляциянын 36,08 пайыз экенин билдирген Эрдоган: «Өлкөбүздө 6 пайызга түшүргөн инфляцияны ишке ашырып, аны кайра бир орундуу санга тез арада түшүрүүдө чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар