Түркия Кара деңизде жаңы чалгындоо иштерин жүргүзүүдө

Фатих Дөнмез Твиттердеги баракчасынан «Кара деңиз газында даярдык» аттуу видеону бөлүштү.

1755994
Түркия Кара деңизде жаңы чалгындоо иштерин жүргүзүүдө

Түркиянын Кара деңизде жаңы жаратылыш газын табууга даярданып жатканы билдирилди.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Твиттердеги баракчасынан «Кара деңиз газында даярдык» аттуу видеону бөлүштү.

2023-жылдын биринчи чейрегинде Кара деңиз газын жарандарга жеткирүүнү максат кылгандарын белгилеген Дөнмез: «Сакария газ кенине жанаша жайгашкан жаңы аянтта чалгындоо максатында бургулоо иштерине даярдануудабыз. 2022-жылы да ушундай эле жаңылыкты элибизге бидирген болобуз деп үмүттөнөм»,-деди.

«Фатих» бургулоо кемеси (өткөн жылы) Кара деңизде жалпысынан 540 миллиард куб метр жаратылыш газын тапкан болчу.



Тектеш кабарлар