Туристтер жаңы жылдын биринчи күнүндө Кападокияда турларга катышты

Кээ бир туристтер дөңсөөлөргө чыгып, түркүн түстүү шарлар менен кооздолгон пейзажда сүрөткө түшүштү.

1755491
Туристтер жаңы жылдын биринчи күнүндө Кападокияда турларга катышты
kapadokya.jpg
kapadokya.jpg
kapadokya.jpg
kapadokya.jpg

Жаңы жылды тарыхый, маданий жана табигый кооздуктар менен белгилүү Кападокияда тоскон туристтер жылдын биринчи күнү түрдүү  иш  - чараларга катышышты.

Туристтер пери морулары, табигый аска түзүлүштөрү менен капталган өрөөндөрү, аскадан оюлуп жасалган тарыхый монастырлары, үңкүр мейманканалары жана ар түрдүү тур иш – чаралары менен билинген Кападокия аймагында ысык аба шарлары жана унаалар менен уюштурулган  турларга катышышты.

2022 - жылдын биринчи күнүн асманда тосуп алууну каалаган туристтер күн чыгышы менен Гөреме шаарынан биринин артынан бири учкан шарлар менен аймактын кооз жерлерин көрүштү.

Кээ бир туристтер дөңсөөлөргө чыгып, түркүн түстүү шарлар менен кооздолгон пейзажда сүрөткө түшүштү.

 



Тектеш кабарлар