Ирак жана Сириянын түндүгүндө террористтер менен күрөш уланууда
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган аймагында,Ирактын түндүгүндөгү Гарада жана Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагында террорго каршы операциялар жүргүзүлдү.
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Террорчуларды уяларында атууну улантып жатабыз. Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган аймагында аныкталган эки ПКК террористи АТАК тик учагыбыз менен таасирсиз кылынды»,делди.
Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү Гарада да жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга таандык 9 террорист жок кылынды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук чалгындоо уюму (MIT) менен Түрк куралдуу күчтөрү (TSK) Гарада биргелешкен операция жүргүздү.
Операцияда ПКК/КЖКга мүчө 9 террорист таасирсиз кылынды.
Бир тараптан Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан берилген маалыматта Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагына миномет жана көп түтүктүү ракета аткычтар (MLRA) менен кол салган ПКК/ЙПГге мүчө 8 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди. Билдирүүдө террористтер колдонгон унаалардын да таш талканы чыгарылганы билдирилди.