Перре байыркы шаарында коло аскердик диплом табылды

Адыямандагы Перре байыркы шаарында жүргүзүлгөн казууларда 1898 жыл мурункуга таандык коло аскердик диплом табылды.

1753699
Перре байыркы шаарында коло аскердик диплом табылды

Коммаген королдугунун беш чоң шаарынын бири болгон Адыямандагы Перре байыркы шаарында жүргүзүлгөн казууларда 1898 жыл мурункуга таандык коло аскердик диплом табылды.

Перре Байыркы шаарында 2001-жылы башталган жана мезгил-мезгили менен уланган казууларда бул жылы тарыхый Рим фонтаны, чоң таш блоктору, суу каналдары жана түрдүү архитектуралык курулуштар табылды.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жүрүшүндө коло табактан аскердик диплом табылган.

Изилдөөдө  1898 жыл мурункуга таандык экени аныкталган дипломдо жеке маалыматтар да камтылган.

Дипломдо аты аталган жоокер 20 жыл аскерде кызмат өтөп, ошону менен бирге үйлөнүү жана  аймактын жараны болууга укуктуу болгону белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар