Эрдоган: «Биздин компас кошумча наркы жогору өнүмдөрдү өндүрүү болуп саналат»

Президент Эрдоган Түркиянын Илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) жана Түркия илимдер академиясынын (TÜBA) илим сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1753808
Эрдоган: «Биздин компас кошумча наркы жогору өнүмдөрдү өндүрүү болуп саналат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Инновация жана технологиянын таянычы болгон илим Түркиянын саясий көз карандысыздыгынын да кепилдиги»,-деди.

Президент Эрдоган Түркиянын Илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) жана Түркия илимдер академиясынын (TÜBA) илим сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Биз өнөр жайдын бардык тармактарында белгиленген өлкөлөрдүн бири болуу максатын көздөп, өнүмдөрдү тынымсыз жогорулатуу менен жолубузду улантабыз. Технологиялык көз карандысыздык саясий көз карандысыздыктын кепилдиги экенин билүү менен ишибизди улантабыз»,-деди.

Президент Түркиянын акыркы мезгилде илимге, илимпозго жана технологияга чоң инвестиция салганын айтып: «Мына ушинтип өлкөбүз технологиясын жогорку деңгээлге алып чыгып, аракетинин үзүрүн алуу жолунда»,-деди.

Президент Эрдоган: «Түркия дүйнөлүк инновация индексинде быйыл 10 тепкичке көтөрүлүп, 41-орунга чыкты жана алдыңкы 50 лигасында эң көп өсүү көрсөткөн өлкө болду»,-деди.

"Өткөн айдын аягында 221 миллиард долларлык экспорттук көрсөткүчкө жетиштик. Буюрса, күндөлүк профицитке ээ боло турган күндөр жакындап калды»,-деген Эрдоган: «Биздин компас кошумча наркы жогору өнүмдөрдү өндүрүү болуп саналат. Биздин багытыбыз инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана өсүү»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар