Президент Эрдоган "Күн тартип боюнча атайын програмага" катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркияга таандык жаңы бир экономикалык моделди куруп жаткандарын жана өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгы үчүн иштешкендерин белгиледи.

1752410
Президент Эрдоган "Күн тартип боюнча атайын програмага" катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркияга таандык жаңы бир экономикалык моделди куруп жаткандарын жана өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгы үчүн иштешкендерин белгиледи.

Эрдоган кечээ кечинде айрым менчик телекөрсөтүү каналдарынын «Күн тартип боюнча атайын программасынын» биргелешкен берүүсүндө күн тартиби тууралуу баа берди.

Режеп Таййип Эрдоган экономикалык жана финансылык туруктуулуктун түзүлүшү, коомдук бакубатчылыктын арттырылышы, коомдук тейлөөнү эффективдүү көрсөтүү өкмөттөрдүн милдети экендигин баса белгиледи. Сөзүндө Түркиянын ылдам түрдө Ковид  - 19  эпидемиясына каршы вакцина өндүргөн 9 өлкөнүн бири экендигин, Турковактын эпидемия мезгилинде аткарылган иштерди тактагандыгын айткан президент сөзүн төмөнкүчө улантты : «Түркия катары 50 жылдан кийин клеткадан баштап толугу менен ата мекендик жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган вакцинабыздын ар бир этабында өз окумуштууларыбыз, изилдөөчүлөрүбүз орун алды. Бул тууралуу колдонууга уруксаттын алынышы менен бирге Sinovac менен Biontechтен кийин ата мекендик вакцинабыз Турковакты да жарандарыбызга сунуштайбыз ал түгүл адамзаттын колдонуусуна сунуштайбыз. Алардын да айыгышын каалайбыз.

Ошол эле учурда дүйнөнүн эң көлөмдүү вакцина изилдөө, өнүктүрүү жана өндүрүү борбору катары Санитария долбоорун да Анкарада турмушка ашыруудабыз. Жакында тендер өткөрөбүз. Эсенбога аэропортуна жакын бир жерде, 50 000 метр квадраттык аянка ээ санитария долбоорунун тендер процесси алдыбыздагы жумада акырына чыгарылат».

Түркиянын 8 -  спутниги Түрксат 5Бнын космоско жиберилишинен кийин Tesla ve SpaceXтын куруучусу Илон Маск менен өткөргөн сүйлөшүүдө жаңы долбоорлордун күн тартибине келип же келбегендиги боюнча берилген бир суроого Эрдоган спутник жана космостук технологиялардын квалификациялуу адистикти жана инфраструктураны талап кылган технологиялар экенин айтып жооп берди.

100 пайыз  ата мекендик система инженериясы жана ата мекендик жабдыктар менен өндүрүлүшү уланып жаткан Түрксат 6А спутнигинин SpaceX фирмасына таандык Falcon 9 ракетасы менен 2023 - жылы космоско жибериле турганын белгилеген Эрдоган : «Акыркы жылдардагы жетишкендиктерибиз, даярдаган квалификациялуу адам ресурстары жана биз түзгөн инфраструктуралар менен космостогу катышуубуз күчөйт. Бул тармактагы тышкы көз карандылык азаят, ал тургай экспортко чыга турган абалда болобуз»,- деди.

«Африка менен карым  - катнаштар тууралуу Түркияны кандай келечек күтүүдө»,- деген суроого : «Түркия катары Африкада дээрлик бардык өлкөлөрдө элчилик ачуу менен Африканын бардык жеринде болууну каалайбыз. Жер астындагы, жер үстүндөгү бардык байлыктарында да Африка менен бирдикте болууну каалайбыз. Түркия «Силер да ийгиликтүү болгула биз да ийгиликтүү бололу, бирдикте ийгиликтүү бололу» деген ой менен ал жерде жана чынын айтканда Африка өлкөлөрү да бизге толугу менен ишенет. Бирдикте аткаралы деп жатышат»,- деди.



Тектеш кабарлар