"Фатих" бургулоо кемеси бургулоо ишин баштады

Кара деңиз газынын 2023 - жылы пайдаланууга бериле турганы жарыяланды.

1752396
"Фатих" бургулоо кемеси  бургулоо ишин баштады

Энергетика жана табигый ресурстар  министри Фатих Дөнмез "Фатих" бургулоо кемесинин Түркали  - 7  кудугунан бургулоо ишинин башталгандыгын билдирди. Министр Дөнмез твиттерден берген маалыматында «Кадам кадам максатыбызга карай баратабыз. "Фатих" бургулоо кемебиз Түркали  - 7де бургулоо ишин баштады. Ар бир жаңы бургулоо бизди 2023 -  жылы Анадолуну Кара деңиз газы менен ысытуу максатына дагы да жакындатууда»,- деди.

"Фатих" бургулоо кемеси Кара деңизде жалпы 540 миллиард метр куб жаратылыш газын тапты жана Кара деңиз газынын 2023 - жылы пайдаланууга бериле турганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар