Түркия Бангладешке көңүл айтты
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.
1752087
Түркия, жүргүнчүлөрдү ташыган паромдогу өрттөн каза болгондорго байланыштуу Бангладешке көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бангладештин борбору Даккадан 250 километр түштүктө жайгашкан Жалокати шаарында бүгүн эртең менен паромдо өрт чыгып 30дан ашуун кишинин каза болушу жана 100дөн ашуун кишинин жаракат алышы терең кайгыга салды»,- деген сөздөр камтылды.
Өрттөн каза болгондорго Аллахтын ырайымы, жакындарына сабыр тиленген билдирүүдө: «Дос жана боордош Бангладеш элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,-делди.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Суганда дарыясында жүргүнчүлөрдү ташуучу паромдо таңга жуук өрт чыгып, алгачкы маалыматтар боюнча 38 кишинин каза болгону кабарланган.