TURKOVACтын алгачкы 150 миң дозасын жөнөтүү үчүн иш-чара өткөрүлдү

Ата мекендик вакцина TURKOVAC массалык түрдө өндүрүлө баштады.

1751846
TURKOVACтын алгачкы 150 миң дозасын жөнөтүү үчүн иш-чара өткөрүлдү

Шашылыш колдонууга уруксат берилген ата мекендик Ковид-19 вакцинасы TURKOVAC Анкарага жөнөтүлдү.

Кечээ саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын катышуусунда Шанлыурфа уюшкан өнөр жай аймагындагы TURKOVAC өндүрүштүк ишканасында президент Режеп Таййип Эрдоган онлайн катышкан программада өндүрүшү башталган вакциналар Түркияга таратылууда.

Өндүрүлгөн вакцинанын алгачкы 150 миң дозасын жөнөтүү үчүн ишканада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Паллеттерде атайын жасалган жүк ташуучу унаага ташылган вакциналардын борбор калаа Анкарадагы Коомдук саламаттык борборлорунун кампаларына бараары айтылды.



Тектеш кабарлар