TURKOVACка уруксат берилди

Эрдоган TURKOVAC вакцинасын шашылыш түрдө колдонууга уруксат берүү жана сериялык өндүрүшүн баштоо аземине видеоконференция аркылуу катышты.

1751166
TURKOVACка уруксат берилди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ата мекендик коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVACты шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилгенин билдирди.

Эрдоган TURKOVAC вакцинасын шашылыш түрдө колдонууга уруксат берүү жана сериялык өндүрүшүн баштоо аземине видеоконференция аркылуу катышты.

Режеп Таййип Эрдоган: «Керектүү уруксаттарды алгандан кийин өндүрүш жана колдонуу баскычына келген TURKOVAC вакцинабыз, элибизди пандемияга каршы эң эффективдүү түрдө коргоо аракетибиздин символу болуп саналат. Бул вакцинабызды бардык адамдар менен бөлүшүүгө кубанычта болобуз»,-деп айтты.

Президент: «Өлкөбүздө өндүрүлө тургандыгы абдан маанилүү. Аны өзүбүздүн илимпоздорубуз жана изилдөөчүлөрүбүз иштеп чыкканы алда канча маанилүү. Ата мекендик вакцинабыздын массалык түрдө өндүрүлө турганына кубанычтабыз. Ушундайча Sinovac жана Biontech вакциналарынан кийин жарандарыбызга TURKOVACты да сунуштай алабыз.

TURKOVACтын өндүрүлүшү менен биргеликте бүткүл адамзат менен бөлүшүүгө кубанычта болобуз. TURKOVAC вакцинабыздын өлкөбүзгө, улутубузга жана бүткүл адамзатка пайдалуу болушун каалаймын»,-деди.

Аземде сөз сүйлөгөн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа да, TURKOVACтын келерки аптадан тарта кеңири колдонула турганын айтып: «Бүгүнкү күндө биз Ковид-19 вакцинасын чыгарган 9 өлкөнүн бири болдук»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар