Шентоп Түндүк Македонияга барды

Скопьеге барган Шентоп бүгүн Түндүк Македония парламентинде расмий азем менен тосулуп алынат.

1750414
Шентоп Түндүк Македонияга барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Македонияга сапарынын алкагында борбор шаар Скопьеде көптөгөн тарыхый жерлерди зыярат кылды.

Скопьенин борборундагы Македония аянтын кыдырган Шентоп жана аны коштогон делегация, тарыхый Скопье Таш көпүрөсүнөн өттү.

Шентоп андан кийин Эски Скопье базарына барып, тарыхый көчөлөрдө дүкөнчүлөр менен баарлашты.

Ал жердеги Мурат паша мечити, Кош мончо, Сулу Хан жана Йигит паша күмбөздөрүн да зыярат кылган Шентоп, жетекчилерден тарыхый жерлер тууралуу маалымат алды.

Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияны камтыган расмий иш сапарынын биринчи бөлүгү үчүн Скопьеге барган Шентоп бүгүн Түндүк Македония парламентинде расмий азем менен тосулуп алынат.

Шентоп Түндүк Македония парламентинин спикери Талат Жафери менен жолугушат жана Түндүк Македония парламентинде депутаттарга кайрылат.

Андан соң Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский да Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегацияны кабыл алат.

Андан кийин Эл аралык Балкан университетине бара турган Шентоп, Скопье Тефейюз башталгыч мектебинде окуучулар менен жолугушат.

«21-декабрь Түрк билим күнү» иш-чарасына катыша турган Шентоп да бул жерде да сөз сүйлөйт.



Тектеш кабарлар