Президент Эрдоган Түркияга келген лидерлер менен жолугушууну улантууда
Стамбул Конгресс борборундагы кабыл алуулар басма сөзгө жабык өттү
1749366



Президент Режеп Таййип Эрдоган 3 -Түркия - Африка өнөктөштүк саммитинин алкагында Түркияга келген мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушууда.
Президент Эрдоган саммиттин алкагында Стамбулга келген Алжирдин премьер - министри жана каржы министри Аймене Бенабдеррахмане менен Нигердин премьер - министри жана өкмөт башчысы Оухомуду Махамадуду өз - өзүнчө кабыл алды.
Стамбул Конгресс борборундагы кабыл алуулар басма сөзгө жабык өттү. Президент Эрдоган саммитке байланыштуу кечээ да Стамбулда мамлекет жана өкмөт башчылары менен өзүнчө жолугушуу өткөргөн.