Шентоп Казакстан жана Бахрейнге куттуктоо жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Казакстанды эгемендүүлүк күнү жана Бахрейнди улуттук майрамы менен куттуктады.

1748431
Шентоп Казакстан жана Бахрейнге куттуктоо жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Казакстанды эгемендүүлүк күнү жана Бахрейнди улуттук майрамы менен куттуктады.

Шентоп Парламенттик Мажлистин төрагасы Нурлан Нигматулинге Казакстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо жолдоп, мындай деди: «Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен дос жана боордош Казакстан элин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм.

Түркия менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн бир туугандык жана достук мамилелердин негизинде терең тарыхый, маданий жана адамзаттык байланыштар бар. Парламенттерибиздин ортосундагы тыгыз байланыштар да ушул бекем негизде өнүгүп, эки тараптуу жана көп тараптуу платформаларда күч алууда».

Мустафа Шентоп ошондой эле Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевге Казакстандын эгемендүүлүк күнүнө карата билдирүү жолдоп, Сенаттын мүчөлөрүнө ийгилик жана бакыт каалады.

Бир тараптан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп Бахрейн Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Фавзия Зайналга жолдогон куттуктоосунда:

«Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жана жеке өзүмдүн атымдан Бахрейндин Улуттук күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун жана боордоштуктун негизинде өнүгүп келе жаткан мамилелерибиз парламенттер аралык сапарлар жана байланыштар менен мындан ары да байытылып, биргелешкен аракеттерибиз менен активдеше турганына ишенем».

Мустафа Шентоп ушул эле билдирүүнү Бахрейн Шура Кеңешинин төрагасы Али Бин Салех Аль Салехке жолдоп, Шура кеңешинин мүчөлөрүнө ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар