Эрдоган менен Алиевдин достугун баяндаган китептин бет ачаары болду

Борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн аземде китептин автору, Азербайжан Улуттук Парламентинин депутаты Мелахат Ибрахимкызы сөз сүйлөдү.

1748676
Эрдоган менен Алиевдин достугун баяндаган китептин бет ачаары болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки өлкөнүн достугун баяндаган Азербайжан Улуттук Парламентинин депутаты Мелахат Ибрахимкызы тарабынан жазылган «Бирге басып өттүк биз бул жолдорду» аттуу китеп азем менен тааныштырылды.

Борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн аземде китептин автору, Азербайжан Улуттук Парламентинин депутаты Мелахат Ибрахимкызы президент Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин ортосундагы бузулбас достук тууралуу дагы көптөгөн китеп жана эмгектер жазыла турганын айтты.

Ибрахимкызы, азербайжан түркчөсүндө жазылган китеп тууралуу: «Бүгүнкү жолугушуунун максаты китепти таанытуу эле эмес, бул биздин чоң аталарыбыз кылымдар бою эңсеп келген боордоштуктун ишке ашкан күнүнүн белгиленүүсү. Бул достуктун жемиши болушу керек эле. Азербайжан жеринин 30 жылдан кийин оккупациядан бошотулган жеңишине, биздин достугубуз жана бир туугандыгыбыз менен жетишилди.

Эрдогандын бузулбас достугу болбосо мындай болмок эмес. Бул китептин каармандары Азербайжан менен Түркиянын президенттери. Алар бул достукту Шуша менен туу чокуга алып чыгышты. Эки лидердин максаты Түркия менен Азербайжандын ортосундагы достук жана бир туугандыкты түбөлүктүү ажырагыс кылуу.

Алар келечектеги жүрөгүбүздөгү түрк элдерин чын жүрөктөн байланыштырууну максат кылышат. Бүгүн биз буга күбө болдук. Кудай аларды колдосун. Аллах эки лидерибизди түрк дүйнөсүнөн кем кылбасын»,-деди.

 



Тектеш кабарлар