Чавушоглу БАЭде Дубай эмири менен жолугушту

Жолугушууга Түркиянын Абу-Дабидеги элчиси Тугай Тунчер жана Түркиянын Дубайдагы башкы консулу Мустафа Илкер Кылыч да катышты.

1748025
Чавушоглу БАЭде Дубай эмири менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) вице-президенти, премьер-министри жана Дубай эмири шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум тарабынан кабыл алынды.

Чавушоглу расмий сапар менен барган БАЭде Дубай эмири Аль Мактум менен жолугушту.

Жолугушууга Түркиянын Абу-Дабидеги элчиси Тугай Тунчер жана Түркиянын Дубайдагы башкы консулу Мустафа Илкер Кылыч да катышты.

Чавушоглу жолугушууга байланыштуу Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Биз БАЭ менен экономикалык жана соода алакабызды мындан ары да өнүктүрөбүз»,-деди.


Этикеткалар: #БАЭде Дубай эмири

Тектеш кабарлар