Министр Кожа Түркияда 6 кишиде Omicron варианты аныкталганын айтты

Министр Кожа Түркия Улуу Улуттук Жыйынында жасаган билдирүүсүндө, Европада оорулардын көбөйүшүнө олуттуу таасир эткен Omicron вариантынын Түркияда да пайда болгонун белгиледи.

1746191
Министр Кожа Түркияда 6 кишиде Omicron варианты аныкталганын айтты

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда 6 адамдан коронавирустун жаңы түрүнүн Omicron варианты аныкталганын айтты.

Министр Кожа Түркия Улуу Улуттук Жыйынында жасаган билдирүүсүндө, Европада оорулардын көбөйүшүнө олуттуу таасир эткен Omicron вариантынын Түркияда да пайда болгонун белгиледи.

Стамбулда 1 жана Измирде 5 болгон жалпы 6 учурдун аныкталганын, сөз болуп жаткан 6 учурдун ооруканага муктаж эместигин жана симптомдору өтө жеңил болгонун белгилеген Кожа: «Айтайын дегеним, амбулаториялык жактан эч кандай көйгөйсүз көзөмөлдөнүп жаткан бейтаптар бар. Биздин жарандар бул жагынан Omicron вариантына кабатыр болбошу керек. Биз бул варианттын жугуштуулугу жогору деп ойлойбуз, бирок анын вируленттүүлүгү төмөн болушу мүмкүн. Биз жарандардын ар дайым кылгандай чараларды улантуусун каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар