Украина Түркиянын жолугушууларга кошулуусу тууралуу үн катты
Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров «Коммерсант» гезитине берген комментарийинде билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров, Түркиянын Донбасс кризиси сүйлөшүүлөрүнө катышуусу менен бирге чечимге пайда алып келе турган форматтарга оң көз карашта экенин айтты.
Никифоров «Коммерсант» гезитине берген комментарийинде Орусия менен түз сүйлөшүү, Түркиянын буларга катышуусу жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нормандия форматына киришин ылайыктуу деп тапкандарын белгилеп: «Эң негизгиси бул практикалык натыйжаларды бериши»,-деп айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Катарга жасаган сапарынын соңунда кечээ журналисттер менен болгон маегинде: «(Орусия-Украина чыңалуусу) Эки тараптын макулдугу менен биз каалаган форматта көмөктөшүүнү, ортомчулукту же колдоону сунуштай алабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.