Түрк аба жолдору Тбилисиге каттамдарын көбөйтөт

2-январдан кийин Стамбул аэропортунан 18, «Сабиха Гөкчен» аэропортунан 7 каттам жүргүзүлөт.

1743542
Түрк аба жолдору Тбилисиге каттамдарын көбөйтөт

Түрк аба жолдору (THY) жумасына 21 жолу жүргүзүлгөн Стамбул-Тбилиси каттамдарын 25ке көбөйтөт.

THYнын Тбилиси кеңсесинин жарыясында, 2-январдан тарта учурдагы каттамдарга жумасына 4 каттам кошула турганы белгиленди.

Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылды:

«Белгиленген жаңы каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү ишке ашырылат. Стамбулдан учуу убактысы саат 12.00, Тбилисиден саат 16.15 деп пландаштырылды».

Чечимге ылайык, 2-январдан кийин Стамбул аэропортунан 18, «Сабиха Гөкчен» аэропортунан 7 каттам жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар