Мевлүт Чавушоглу түрк коргоо өнөр жайы тууралуу билдирди

Чавушоглу бул жылы коргоо өнөр жайындагы экспортто рекордго жетишилгендигин айтты.

1742972
Мевлүт Чавушоглу түрк коргоо өнөр жайы тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Польшанын Түркиядан учкучсуз аба аппаратын алуусу менен биринчи жолу бир НАТО жана Европа Биримдиги мүчөсүнүн продукцияны инвентарына кошуусунун маанилүү экендигин айтты.

Чавушоглу Анталья Белек туризм борборунда өткөн «Коргонуу жана авиациялык өнөр жайынан лобалдык стратегиялык конференциясы 21дин»ачылышында сөз сүйлөп, аянтта күчтүү болмоюнча столдо күчтүү болбой тургандыгын, аянтта күчтүү болуунун жолу жергиликтүү, улуттук жана көз карандысыз коргоо өнөр жайына ээ болуудан өткөндүгүн баса белгиледи.

Бүгүн коргоо өнөр жайында 80 пайыз жергиликтүүлүк катнашына жеткендерин эске салган Чавушоглу эми Түркиянын рынок өлкө эмес, технологияны көп талап кылган продукцияларды экспорттой ала турган өлкө болгондугун белгиледи.

Чавушоглу бул жылы коргоо өнөр жайындагы экспортто рекордго жетишилгендигин жана 2, 8 миллиард долларга жакындагандыгын айтып, аянтта ийгиликтерин далилдеген БАЙРАКТАР жана ТУСАШтын учкучсуз аба аппараты менен куралдуу аба аппараттарын сатып алган жана дүйнөгө таанылган продукцияларга кызыгуу көрсөткөн өлкөлөрдүн саны көбөйгөндүгүн белгиледи.

Чавушоглу : «Польшанын өлкөбүздөн куралдуу учкучсуз аба аппараттарын алуусу менен биринчи жолу бир НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн инвентарына бул продукцияларды кошуусу маанилүү. Азыркы учурда көп сандаган Европа Биримдиги жана НАТОго мүчө өлкөлөр бул продукцияларыбызгакызыгышууда. Көп сандаган өлкө менен бул тууралуу байланыштабыз. Бүгүн аймагыбызда туруктуу тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк терезеси ачылып жаткан болсо, аянтта тең салмактуулук түзүлгөн болсо мында түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларынын ойногон ролу ачыкыча көрүнүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар