Түркияда коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөр

Министр Акар аны коштогондор менен биргеликте Кырыккаледеги Машина жана химия өнөр жайынын (MKE) ок-дары заводуна барды.

1742646
Түркияда коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөр

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөрдү сыймыктануу менен байкап жатышкандарын белгилеп, Түркиянын алдындагы технологиялык тоскоолдуктарды жеңе тургандарын айтты.

Министр Акар министрдин орун басары Мухсин Дере, Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен биргеликте Кырыккаледеги Машина жана химия өнөр жайынын (MKE) ок-дары заводуна барды.

Бул ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алган Акар жана аны коштогондор андан соң жумушчулар менен жолугушту.

Түркиянын таасир чөйрөсүнүн жана кызыкчылыктарынын кеңейгенин, бул абалдын Түрк куралуу күчтөрүнүн жоопкерчиликтерин арттырганын белгилеген Акар: «Президентибиздин жетекчилигинде Түркия азыр эл аралык аренада субъект болуп калды»,- деди.

Ата мекендик жана улуттук коргоо өнөр жайын тандоо эмес, муктаждык деп сыпаттаган министр Акар: «Мурда биздин жөө аскер мылтыгынын патенти да чет өлкөлүк болчу. Азыр болсо өзүбүздүн жеңил куралдарыбызды жасап экспорттоп жатабыз, ошондой эле кемелерибизди, пушкаларыбызды, тик учактарды, учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып жатабыз»,- деп билдирди.

Түрк аскерлеринин ийгилиги жогорку технологиялуу куралдар, жабдыктар жана системалар менен арта турганын билдирген Акар: «Коргоо өнөр жайыбыздагы өнүгүүлөрдү чоң толкундануу жана сыймыктануу менен байкап жатабыз. Коргоо өнөр жайындагы MKEнин ролу абдан маанилүү жана чоң»,-деди.

Коргоо өнөр жайы тармагында мурда болгон кыйынчылыктарды эске салган Акар, бул сектордогу ата мекендик жана улуттук өндүрүштүн көрсөткүчүнүн 80 пайызга жеткенин белгилеп: «Жетеби? Жетпейт. Бул аздык кылат. Кийинки иш алда канча кыйын болот. Биз бир жүрөк, бир муштум болуп көп иштеп, алдыдагы технологиялык тоскоолдуктарды жеңебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар