Ноябрь айында 92 террорист жок кылынды

Ноябрь айында Ички иштер министрлигинин координациясында айыл жеринде 10 миң 900, шаарларда да 1382 операция жүргүзүлдү.

1742573
Ноябрь айында 92 террорист жок кылынды

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, ноябрь айында 92 террористтин жок кылынганын билдирди.

Чатаклы борбор шаар Анкарада айлык маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө, ноябрь айында Ички иштер министрлигинин координациясында жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында 3 жогорку деңгээлдеги террорист, алардын бири жашыл категорияда, бирөө кызгылт сары, бири боз категорияда болгон жалпы 92 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Чатаклы: «Ноябрь айында Ички иштер министрлигинин координациясында айыл жеринде 15и ири жана 66 орто жалпы 10 миң 900, шаарларыбызда да 1382 операция жүргүзүлдү»,- деди.

Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча маалымат берген Чатаклы, ноябрь айында 3592си деңизде жалпы 19 миң 587 иммигрант жана 832 уюштуруучунун кармалганын билдирди.



Тектеш кабарлар