Чавушоглу Швецияда эки тараптуу жолугушууларды улантууда
Чавушоглу Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн барган Швецияда тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.
Мевлүт Чавушоглу, Линде менен жолугушуусуна байланыштуу социалдык медиа баракчасынан: «Биз бүгүнкү күндү ЕККУнун учурдагы төрагасы Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушуудан баштадык. Ооганстан менен Украинадагы кырдаалды жана ЕККУнун аймагындагы жагдайды талкууладык»,-деди.
Министр Чавушоглу Швецияда Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен да жолугушкан болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"
Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.