Түрк кардиохирургу АКШда Сенат талапкери...

Мехмет Өз Пенсильвания штатынан Сенатка Республикалык партиянын талапкерлиги үчүн ат салышат.

1741127
Түрк кардиохирургу АКШда Сенат талапкери...

АКШда жашаган дүйнөгө таанымал түрк кардиохирургу профессор доктор Мехмет Өз Сенатка Республикалык партиядан ат салышарын жарыялады.

Мехмет Өз Пенсильвания штатынан Сенатка Республикалык партиянын талапкерлиги үчүн ат салышат.

61 жаштагы Доктор Өз Washington Examiner гезитине жазган макаласында саясатка эмне үчүн келгени тууралуу төмөнкү сөздөрдү айткан: «Биз өкмөтүбүзгө жана бири-бирибизге нааразыбыз. Биз кризистерди мурунку муундардай эффективдүү башкара алган жокпуз. Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясында, сиз саясат менен медицинаны аралаштырганыңызда чечим табуунун ордуна саясаттын каршы турганын көрдүм. Ошондуктан мен көйгөйлөрдү чечүүгө жана жакшырууга жардам берүү үчүн АКШнын Сенатына талапкерлигимди коюп жатам».

АКШда Ковид-19дан улам 750 миңден ашуун кишинин каза болгонун жана бул өлүмдөрдүн алдын алса болорун белгилеген Өз, өкмөт жана көргөн чараларын да: «Эпидемияны жеңүүдө Америка дүйнө лидери болушу керек болчу»,-деп сынга алды.



Тектеш кабарлар