Сойлу: «Беларусь чек арасында болуп жаткандар Түркияда болгон эмес»

Министр Сойлу борбор шаар Анкарадагы семинарда сөз сүйлөдү.

1740458
Сойлу: «Беларусь чек арасында болуп жаткандар Түркияда болгон эмес»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, учурда Беларусь чек арасында болуп жаткандардын Түркия чек арасында эч качан болбогонун айтты.

Министр Сойлу борбор шаар Анкарадагы семинарда сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдоган менен биргеликте жетишкен тез өнүгүүгө, тамыры терең мамлекет жана башкаруу салтын да кошконун айтып: «(Түркия) Деңгээлдердин ортосундагы аралыкты кеңейткен, чечим кабыл алуу жана иш-аракет кылуу жөндөмү азайган парламенттик системадан өзгөчө глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдүн алдында дагы да ийкемдүү, жемиштүү, байланыш системасы күчтүү болгон Президенттик башкаруу моделине өттү»,-деди.

Жылдар бою парламенттик системаны колдонгон Германияда Ангела Меркелден кийинки окуяларга байкоо салгандарын айткан Сойлу: «Британия жакында эле ушундай абалды башынан өткөрдү жана түзүлгөн өкмөттөр узакка созулбаганы жана тынымсыз талаш-тартыштар, чыр-чатактар ​​болуп кетет деген кооптонуулар бар экени көрүнүп турат. Миграция маселеси менен алпурушкан Европа менимче бизге башка мисалдарды көрсөтөт. Учурда Беларусь чек арасында болуп жаткандар Түркиянын чек арасында эч качан болгон эмес. Биздин башкаруу түшүнүгүбүз, цивилизациябыз, 21-кылымдагы дараметибиз мындай адамгерчиликсиз көрүнүштөрдүн болушуна тоскоол болду»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар