Мустафа Шентоп : "Палестина мамлекетин ар дайым колдойбуз"

Мустафа Шентоп Кудс маселесин бүткүл адамзаттын маселеси катары көргөндөрүн белгиледи.

1740984
Мустафа Шентоп : "Палестина мамлекетин ар дайым колдойбуз"

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп : «Палестина маселесинде биздин тезисибиз белгилүү. Биз эркин жана көз карандысыз, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон Палестина мамлекетин ар дайым колдойбуз»,- деди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп борбор шаар Анкарада болгон Парламенттер аралык  Кудс платформасынын төртүнчү  конференциясына катышты. Шентоп мусулмандар үчүн Кудстун исламдын алгачкы кыбыласы болгондугун белгилеп : «Түркия ар дайым жана мындан ары да Иерусалимдин тарыхый, диний, саясий жана укуктук статусунун өзгөрүшүнө каршы болот. Палестина маселесинде биздин тезисибиз ачык. Борбору Чыгыш Иерусалим болгон эркин жана көз карандысыз Палестина мамлекетин ар дайым колдойбуз»,-деди.

Мустафа Шентоп Кудс маселесин бүткүл адамзаттын маселеси катары көргөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар