Шентоп: «Биз эл аралык аренада полифонияга болуп көрбөгөндөй зарылдык болгон мезгилден өтүп жатабыз»

Шентоп Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин (ПAБ) 143-Башкы ассамблеясынын алкагында 120 мүчөсү бар Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын жыйналышында сөз сүйлөдү.

1740129
Шентоп: «Биз эл аралык аренада полифонияга болуп көрбөгөндөй зарылдык болгон мезгилден өтүп жатабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы менен күчөгөн адилетсиздиктерди, дискриминацияларды жана өзгөргөн тең салмактуулуктарды жеңүү үчүн парламенттик дипломатия жана кызматташтыктын дагы да мааниге ээ болгонун айтты.

Шентоп Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин (ПAБ) 143-Башкы ассамблеясынын алкагында 120 мүчөсү бар Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын жыйналышында сөз сүйлөдү.

Кошулбоо кыймылынын эл аралык тең салмактуулукту адилеттүүлүккө багыттоо жана тынчтык, теңдик, кызматташтык жана жыргалчылыкка толгон дүйнөнүн курулушуна салым кошуу үчүн маанилүү потенциалга ээ экенин баса белгилеген Шентоп, бул мекеменин Азербайжандын кезектеги төрагалыгы убагында ишмердүүлүгүн жана таанылышын арттыра турганын белгиледи.

«Биз эл аралык аренада полифонияга болуп көрбөгөндөй зарылдык болгон мезгилден өтүп жатабыз»,-деп айткан Парламент төрагасы: «Ачкачылык, жакырчылык, адамзатка каршы кылмыштар жана Кудстун статусу сыяктуу глобалдык маанидеги маселелерде туруктуу чечимдерди чыгаруу ачык талкуу жана макулдашуу менен гана мүмкүн болот»,-деди.

Глобалдык эпидемия процессинин дагы бир жолу адилетсиздикти алдыңкы планга чыгарганын билдирген Шентоп сөзүн мындай деп улантты: «Көптөгөн өнүгүп келе жаткан же өнүкпөгөн өлкөлөр вакцина жана медициналык буюмдарга карата фаворитизм жана дискриминациялык мамиледен улам негизги ден-соолук муктаждыктарын камсыз кылууда кыйынчылыктарга туш болушту. Бул жагынан алганда сыймыктануу менен белгилей кетким келет; Түркия өзүнө келген ар түрдүү жардам суранычына жооп берди жана мүмкүнчүлүктөрүн чын дилден муктаж болгон бардык өлкөлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мобилизациялады».

Шентоп, Түркия катары эпидемия менен күрөшүүдө колдоо каалаган ар бир өлкөгө жетүүгө аракет кылып жатышканын, акыркы баскычка жеткен түрк вакцинасын массалык түрдө өндүрүү башталганда муктаж болгон бардык өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр болоорун айтты.

Эпидемия себеп болгон экономикалык кризистин эң чоң масштабы эл аралык карым-катнаштарды, тең салмактуулуктарды жана альянстарды солкулдатканын белгилеген Шентоп: «Климат кризиси жана кургакчылык сыяктуу коркунучтарды эске алганда, жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөргө кошумча алдыдагы мезгилде дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгы болуу ыктымалдыгы жогору. Бул абал глобалдык теңсиздикти тереңдетүүдө  жана качкындар менен иммиграция толкундарынын көбөйүшүнө алып келет»,-деп эскертти.

Шентоп негизги адамдык баалуулуктарга жана адилеттүүлүккө негизделген чечимдерди чыгарууда парламенттер аралык байланыш, өз ара аракеттенүү жана көп тараптуу парламенттик дипломатия болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар