Эрдоган Түркмөнстандан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады

Эрдоган, БАЭ тараптын Түркияга инвестиция салууга даяр экенин айтты.

1740301
Эрдоган Түркмөнстандан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Түркияга 10 миллиард долларлык инвестиция планын сунуштаганын айтып: «Муну иш жүзүндө колдонуу менен башкача келечекти курган болобуз. Жакшы жылыштар болот»,-деди.

Президент Эрдоган Түркмөнстандан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады.

Акыркы жылдары кааланган деңгээлде боло албаган Түркия-БАЭ карым-катнаштарында жакшы жылыштар болуп жатканын белгилеген Эрдоган, БАЭ тараптын Түркияга инвестиция салууга даяр экенин айтты.

БАЭнин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын 24-ноябрда Түркияга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин карым-катнаштарда жаңы доордун башталышына чоң салым кошконун белгилеген Эрдоган: «Эгерде кийинки процесске мүмкүнчүлүк болсо, мен февраль айында жооп иретинде барам. Менден мурун тышкы иштер министрим да, Улуттук чалгындоо уюмунун жетекчиси да барып келет. Даярдыктар жүргүзүлөт. Андан кийин февраль айында мен чоң делегация менен барам жана абдан күчтүү кадамдарды таштайбыз деп ишенем. Алар 10 миллиард долларлык инвестициялык планды көрсөтүштү. Бул инвестициялык планды ишке ашыруу менен такыр башкача келечекти курабыз. Бул жаатта жакшы жылыштар болот»,-деди.

Израиль жана Египетке элчилерди дайындоо маселесине токтолгон Эрдоган: «Эми биз чечимди кабыл алгандан кийин албетте белгилүү бир графиктин ичинде элчилерди дайындай алабыз. Сиз айткан кээ бир өлкөлөрдө убактылуу ишенимдүү өкүл катары айрым кадамдар бар. Элчи жок бирок убактылуу ишенимдүү өкүл бар. Биз бул кадамдарды белгилүү бир календардын ичинде акырындык менен жасаган болобуз. БАЭ менен кандайча кадам таштаган болсок берки мамлекеттер менен да ушундай кадамдарды жасайбыз»,-деди.

Украина менен Орусиянын ортосундагы көйгөйгө баа берген Эрдоган: «Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу боюнча биздин позициябыз ачык. Аймакта тынчтыктын үстөмдүгүнүн, өзгөчө Крым түрктөрүнө байланыштуу мамиленин жактоочусубуз. Биз мындай маселелерди дос Орусия менен, өзгөчө Владимир Путин менен көп жолу талкууладык жана талкуулап жатабыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар