Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат

Министр Чавушоглу жыйындан улам айрым кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

1740063
Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Латвиянын борбор шаары Ригада 30-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жетекчилигинде өтө турган жыйында, 2022-жылы боло турган Мадрид лидерлер саммитине чейинки процессте Европа-Атлантика аймагындагы окуялар жана НАТОнун күн тартибиндеги артыкчылыктуу маселелер каралат.

Министр Чавушоглу жыйындан улам айрым кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.



Тектеш кабарлар