Америкалык саясат таануучу Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарын мактады
Бул жолу түрк учкучсуз учуучу аппараттары дүйнөгө таанымал америкалык саясат таануучу Фрэнсис Фукуяманын күн тартибинде...

Түркияда жасалган куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттар дүйнөгө атын чыгарууну улантууда.
Бул жолу түрк учкучсуз учуучу аппараттары дүйнөгө таанымал америкалык саясат таануучу Фрэнсис Фукуяманын күн тартибинде...
Социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн Фукуяма Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды алган Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга токтолду.
Бөлүшүүдө, «Украинанын түрк учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуусу оюнду өзгөртүшү мүмкүн, ошондуктан Москва муну менен абдан алек окшойт» деген сөздү колдонгон.
Фукуяма American Purpose журналында жарыяланган макаласында түрк учкучсуз учуучу аппараттарын мактап, İHA (учкучсуз учуучу аппараттар) жана SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар) Түркиянын аймактык держава болушуна чоң салым кошконун айтты.