Түрк Кызылайы ооганстандыктарга жардам көрсөтүүдө

Түрк Кызылайынын Ооганстан делегациясынын башчысы Ферит Ахмет Зия, Кабулда жана өлкөнүн жалпысында жүрүп жаткан жардам иштери тууралуу маалымат берди.

1739816
Түрк Кызылайы ооганстандыктарга жардам көрсөтүүдө

Түркиянын Кызыл жарым ай коому (Түрк Кызылайы) Ооганстандын борбору Кабулдун түштүгүндөгү Ришор районунда муктаж болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.

Түрк Кызылайынын Ооганстан делегациясынын башчысы Ферит Ахмет Зия, Кабулда жана өлкөнүн жалпысында жүрүп жаткан жардам иштери тууралуу маалымат берди.

Зия Ооганстанда башкаруу алмашкандан бери 220 тонна азык-түлүк жардамын бергендерин айтып: «Учурда Кабулдун Ширхур районундагы PD-7 аймагында Ооган Кызыл жарым ай коому менен биргеликте аныкталган муктаждарга 14 тонна азык-түлүк жардамын таратуу иштерин жүргүзүп жатабыз»,- деди.

Жакынкы күндөрдө башка шаарларда да жардам иштерин жүргүзүүнү пландап жатышканын билдирген Зия: «Ошондой эле Нуристан, Газни, Бамиан, Дайкунди, Лагман жана Перван провинцияларына жардам жөнөттүк. Жалпысынан 142 тонна жардам пакеттери Ооганстандын Кызыл жарым айынын кампаларында сакталып турат, келерки аптанын ичинде бөлүштүрүлөт. Учурда муктаждарды аныктоо аракеттери уланууда. Кабулдун ар кайсы жерлериндеги муктаж болгондорго жардам беребиз»,-деп айтты.

Ришхор районунун акими Зикрулла Секкад да Түркияга жана Кызыл жарым айга көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип: «Ооганстанда жакырлар көп. Адамдар жакырчылыктын айынан Кабулга ар кайсы шаарлардан көчүп келишүүдө. Элдин муктаждыктарын канааттандырууда сиздердин жардамыңыздар абдан маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар