Түркиянын тез жардам укчактары

Түркиянын тез жардам учактары айыгууну күтүп жаткан 154 бейтап үчүн 53 өлкөгө учту.

1739578
Түркиянын тез жардам укчактары

Түркиянын тез жардам учактары айыгууну күтүп жаткан 154 бейтап үчүн 53 өлкөгө учту.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул жылы 53 өлкөдө дарыланууну күтүп жаткан 154 бейтап, тез жардам учактары менен Түркияга алып келинип дарыланат.

Министрликке караштуу Тез жардам башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, чет өлкөдөн  кургактык жана деңиз жолу аркылуу Түркияга өткөрүлө албаган бейтаптар тез жардам учактары менен алып келинүүдө.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы 14, Косова менен Нидерландия 10, Франция 7, Азербайжан менен Ливан 6 киши менен эң көп бейтап  алып келинген өлкөлөр болду.

Бул өлкөлөрдөн кийин 5 бейтап алып келинген Ливия, Украина, Бельгия, Португалия жана Танзания менен 4 бейтап алып келинген Германия, Казакстан, Россия менен Иран келди.

Тез жардам учактары менен Румыния, Босния-Герцеговина, Өзбекстандан 3төн бейтап жана Ирак, Болгария, Грузия, Сомали, Англия, Сербия, Түркмөнстан, Албания, Оман, Венгрия, Молдова, Индия, Мальдив аралдары, Мавритания, Кувейт менен Либериядан 2ден бейтап тез жардам менен алынып келинди.

Бирден бейтап алып келинген өлкөлөр Сауд Арабия, Египет, Афганистан, Жибути, Греция, Кения, АКШ, Иордания, Швейцария, Судан, Польша, Кыргызстан, Литва, Алжир, Габон, Сенегал, Буркина - Фасо, Марокко жана Экватор Гвинеясы болду.



Тектеш кабарлар