Мевлүт Чавушоглу : "Азия эң чоң керектөө базары катары да жогорулап баратат"

Чавушоглу Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

1739569
Мевлүт Чавушоглу : "Азия эң чоң керектөө базары катары да жогорулап баратат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азиянын бир гана өндүрүш борбору катары эмес, эң чоң керектөө базары катары да жогорулагандыгын айтты.

Министр Чавушоглу Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

Глобалдык камсыздоо чынжырларында тарыхый өзгөрүүлөр болгонун белгилеген Чавушоглу: "Азия өндүрүш борбору катары гана эмес, эң ири керектөө базары катары да өсүп жатат. Бул баарыбыз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Экономикалык Кызматташтык Уюму  Азия менен Европанын ортосундагы соода - экономикалык кызматташтыктын көпүрөсү болушу керек",- деди.

Министр Чавушоглу ушул себептен «транспорт жана логистикалык коридорлорго» көңүл буруулары керектигин белгилеп : «"Регионалдык сооданы жана байланышты жакшырта алсак гана дүйнөлүк соодадан көбүрөөк пайда алабыз",- деп  айтты.

Ашхабад саммитинин эртең 28 - ноябрда  болоорун белгилеген Чавушоглу: "29 жыл мурун ушол күнү 7 жаңы мүчөбүздү кабыл алганбыз. Бүгүнкү күндө биз болуп көрбөгөндөй интеграцияландык. Кабыл ала турган документтер интеграциябызды бекемдейт деп ишенем",- деди.



Тектеш кабарлар