Чавушогул - Мередов жолугушуусу
Мевлүт Чавушоглу жолугушуусу тууралуу твиттерден билдирди.
1739470

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Ашкабатта жолугушту. Министр Чавушоглу твиттерден берген маалыматында түркмөн кесиптеши Мередов менен жолугушкандыгын белгиледи.
Министр Чавушоглу : «Түркмөнстан сапарыбызды тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуу менен баштадык. Президентибиздин Ашкабаттагы расмий сапары жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитине карата даярдыктарды сүйлөштүк»,- деп билдирди.