Байрактар ТБ 2 400 миң сааттык учушун ийгиликтүү аткарды

Байкардын билдирүүсүнө караганда, Байрактар ​​TБ 2 дагы бир маанилүү этапты артта калтырды.

1739384
Байрактар ТБ 2  400 миң сааттык учушун ийгиликтүү аткарды

Түркиянын биринчи улуттук жана уникалдуу куралдуу учкучсуз аба  аппараты  Байрактар ​​TБ2 400 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктап, түрк авиация тарыхында жаңы рекорд койду.

Байкардын билдирүүсүнө караганда, Байрактар ​​TБ2 дагы бир маанилүү этапты артта калтырды.

Байрактар ​​TБ 2 куралдуу учкучсуз апа аппараты системасы түрк авиациясынын тарыхында жаңы кадамдарды жасап, 400 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктап, асманда эң узак кызмат кылган улуттукаба аппараты болду.

Байкар тарабынан иштелип чыккан, техникалык өзгөчөлүктөрү жана катышкан операциялары жагынан өз классынын эң мыктысы болгон улуттук куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ 2  2014 -  жылы түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кирди.

2015 - жылы куралданган учкучсуз аба аппараты учурда Түрк куралдуу күчтөрү, жандармериянын башкы командирлиги, коопсуздук башкы директорлугу жана Улуттук чалгындоо уюму тарабынан  колдонулууда.

Байрактар ​​TБ 2 куралдуу учкучсуз аба аппараты 2014 - жылдан бери коопсуздук күчтөрү тарабынан өлкөдө жана чет өлкөлөрдө террор менен күрөшүүдө активдүү иш алып барууда.



Тектеш кабарлар