TURKOVAC үчүн шашылыш колдонууга уруксат

Министр Кожа, маалымат берди.

1738465
TURKOVAC үчүн шашылыш колдонууга уруксат

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, атамекендик коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVACты шашылыш колдонууга уруксат алуу үчүн кайрылуу жасалганын билдирди.

Министр Кожа, Министрликтин 2022-жылдагы бюджети талкууланган Түркия Улуу Улуттук Жыйынын План жана бюджет комитетинде, атамекендик вакцина TURKOVAC үчүн төмөнкүлөрдү айтты:

«Биздин атамекендик Ковид-19 инактивдүү вакцинабыз TURKOVAC бүгүнтөн тарта шашылыш колдонууга уруксат алуу үчүн арыз берди. Жылдын аягына чейин кеңири колдонула баштайт деп үмүттөнөм. Клеткадан вакцинага чейин ар бир баскычы өлкөбүздө жана өлкөбүздүн илимпоздору тарабынан иштелип чыккан атамекендик вакцинабыздын улутубузга жана бүткүл дүйнөгө пайдалуу болушун каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар