Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Министр Чавушоглу твиттерден : "Таха менен ислам дүйнөсүн кызыктырган маселелерди талкууладык",- деп билдирди.

1738792
Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хүсейин Ибрахим Таха менен жолугушту.

Министр Чавушоглу  биринчи сапарын Түркияга жасаган Таха менен болгон жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берип : "Таха менен ислам дүйнөсүн кызыктырган маселелерди талкууладык",- деди. 

Президент Режеп Таййип Эрдоган да Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хисейн Брахим Таханы  кабыл алды. Президенттик комплексте 50 мүнөткө созулган жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

 

 



Тектеш кабарлар