БАЭнин Түркияга инвестиция салуу үчүн 10 миллиард долларлык фонд бөлгөнү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Мухаммед Бин Заид Аль Нахайянды Президенттик комплексинде тосуп алды.

1738276
БАЭнин Түркияга инвестиция салуу үчүн 10 миллиард долларлык фонд бөлгөнү жарыяланды
nahyan-erdogan.jpg

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Түркияга инвестиция салуу үчүн 10 миллиард долларлык фонд бөлгөнү жарыяланды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Мухаммед Бин Заид Аль Нахайянды Президенттик комплексинде тосуп алды. Бул маанилүү визит маанилүү тармактарда жетишилген макулдашуулар менен аяктады.

Соодадан энергетикага, транспорттон ден-соолукка чейин бир топ тармакта Түркияга түз инвестицияны арттыра турган келишимдерге кол коюлду.

Эрдоган менен Аль Нахайян делегациялар ортосундагы жолугушууга да жетекчилик кылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде жаңы доордун эшигин ача турган бардык курч темалар талкууланды. Инвестициялар, аскерий жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык темалары, өзгөчө Ливия жана Сирия боюнча аймактык өнүгүүлөр талкууланды.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин кол коюу аземи болду. Соода, энергетика, мунай химиясы, технология, транспорт, инфраструктура, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрө тармактарында кызматташтыкты өнүктүрө турган өз ара түшүнүшүү меморандумдарынан тышкары Түркияга түз инвестицияларды камтыган келишимдерге кол коюлду.

Абу-Даби өнүктүрүү холдингинин төрагасы Мохамед Хасан Аль Сувайди, БАЭнин Түркияга инвестиция салуу үчүн 10 миллиард долларлык фонд бөлгөнүн жарыялады.

Президент Эрдоган андан кийин Ал Нахайяндын урматына сый тамак берди.

Президенттик комплекстеги сый тамак басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар