Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Эрдоганга телеграмма жөнөттү

Абу-Дабинин мураскор канзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян Эрдоганга ден-соолук жана бакыт каалап, түрк элине коопсуздук, стабилдүүлүк жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

1738363
Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Эрдоганга телеграмма жөнөттү

Абу-Дабинин мураскор канзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян кечээ борбор шаар Анкарага болгон сапарынан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык телеграммасын жөнөттү.

Канзаада Бин Заед жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирди жана бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди орток кызыкчылыктарга кызмат кыла турган, эки дос элдердин пайдасына жана алдыга коюлган милдеттерди аткаруунун жолдорун талкуулоого мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Канзаада Бин Заид Эрдоганга ден-соолук жана бакыт каалап, түрк элине коопсуздук, стабилдүүлүк жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Бир тараптан Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) расмий маалымат агенттиги WAM канзаада Бин Заиддин Түркия сапарына байланыштуу билдирүүнү бөлүштү.

Буга ылайык Бин Зайид президент Эрдоган менен борбор шаар Анкарада жолукканын белгилеп: «Экономикалык карым-катнашыбызды күчтөндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн караган жемиштүү жолугушууларды өткөрдүк»,-дегенин баяндады.

Кызматташтык үчүн жаңы жана келечектүү горизонтторду ачууга үмүттөнүшкөндөрүн белгилеген Бин Заид, эки өлкөгө пайда алып келе турган өз ара кызыкчылыктар, өнүгүү жана жыргалчылык күтүүлөрүн ишке ашыра тургандай бирге иштешүүнү каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар