Тунжелиде ПККга таандык 9 баш калкалоочу жай жардырылды
Губернаторлуктун билдирүүсүнө караганда облустук жандармерия командирлигинин топтору "Эрен - 6" операциясынын алкагында Назимие элетинде террордук уюмдарга каршы операция жүргүздү.
1737881
Тунжелинин Назимие районунда жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККнын террористтери колдонгон 9 баш калкалоочу жай жок кылынды.
Губернаторлуктун билдирүүсүнө караганда облустук жандармерия командирлигинин топтору "Эрен - 6" операциясынын алкагында Назимие элетинде террордук уюмдарга каршы операция жүргүздү.
Аянтта атайын үйрөтүлгөн иттер менен изилдөө иштерин жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү террористтер тарабынан колдонулгандыгы белгиленген 9 баш калкалоочу жерди аныктады.
Жардырылган баш калклоочу жерлердеги изилдөөдө ок - дары жана көп сандаган турмуштук материалдар табылды. Аймакта террористтердин кышкы база жана облустар арасындагы жолдорго бөгөт коюу максатында 1060 кызматкердин катышуусу менен операциялар жүргүзүлүүдө.