Түркиядан грек министрге каршы чыгуу...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркияга байланыштуу 19-ноябрдагы билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1736443
Түркиядан грек министрге каршы чыгуу...

Түркия Грецияны акыл-эстүүлүккө, чынчылдыкка жана ыкластуулукка чакырганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркияга байланыштуу 19-ноябрдагы билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Түркиянын аймакта жана жакын чөйрөсүндө тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышында ойногон негизги ролун кызганган Грециянын Түркия менен ар бир маселеде атаандашып, кызматташтыктын ордуна чыңалууну артык көрүшү жана Түркияга каршы жасалма союздарды түзүүгө аракет кылышынын текке кеткен аракеттер экенин баса белгилеген Билгич: «Бир жагынан диалог тууралуу сөз кылып жатып, экинчи жагынан Түркия тууралуу күн сайын душмандык жана провокациялык билдирүүлөрдү жасаган Грецияны акылга, чынчылдыкка жана ыкластуулукка чакырабыз»,-деди.


Этикеткалар: #диалог , #Грецияны , #Түркия

Тектеш кабарлар