Ибрахим Калын АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен сүйлөштү

Президенттиктин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар, коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, глобалдык жана аймактык маселелер талкууланды.

1736234
Ибрахим Калын АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен сүйлөштү

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар, коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, глобалдык жана аймактык маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүдө  Афганистандагы саясий кырдаал жана гуманитардык жардам, Сириянын аймактык бүтүндүгү жана аны терроризмден тазалоо, Ливиядагы саясий процесстер жана шайлоо, Тоолуу Карабахта тынчтыктын жана туруктуулуктун түбөлүктүүлүгү, Тоолуу Карабахтагы окуялар боюнча тынчсыздануу каралды. Украинанын чыгышындагы Беларусия  -  Польша чек арасындагы жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну жөнгө салуу кеңири талкууланды.

Сүйлөшүүдө  президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда Италиянын борбор шаары Римде Чоң жыйырмалыктын саммитинде макулдашылган биргелешкен стратегиялык механизм да кенен түрдө каралды.



Тектеш кабарлар