Түрк Кызылайы Беларусия - Польша чек арасындагыларга жардам берүүүгө даяр

Түрк Кызылайы Беларусия  -  Польша чек арасындагы жана Европага көчүү максатында Беларусиядан Польшага өтүүгө аракет кылган кишилерге жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

1735955
Түрк Кызылайы  Беларусия  -  Польша чек арасындагыларга жардам берүүүгө даяр

Түрк Кызылайы Беларусия  -  Польша чек арасындагы жана Европага көчүү максатында Беларусиядан Польшага өтүүгө аракет кылган кишилерге жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык Түрк Кызылайынын Эдирне филиалынын жетекчилери жана Кызылай ыктыярчылары менен жолугушту. Кызылайдын 153 жылдан бери ошол эле принцип жана баалуулуктар менен кыймыл кылгандыгын белгилеген Кынык : «Биздин максатыбыз адамдын ар- намысын коргоп, анын азабын жеңилдетип, ага татыктуу өмүр сүрүшү үчүн колдоо көрсөтүп, колдоо»,- деди.Кынык 2020 -жылы Эдирнеде болгон мыйзамсыз миграция кыймылында Түрк Кызылайынын маанилүү роль ойногондугун айтты. Бүгүн болсо ошондой мыйзамсыз миграция кыймылынын Беларусия-Польша чек арасында болуп жаткандыгын баса белгилеп : «Бул адамдар негизги гуманитардык жардам алууда кыйынчылык тартып жатышат. Минскке барып Кызыл Крест жетекчилери менен сүйлөштүм жана аларга жардам бере аларыбызды билдирдим. Андан кийин Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун Парламенттер ассамблеясынын төрагасы менен жыйын өткөрдүк. Бул маселе боюнча тажрыйбабызды Европа Биримдигине жеткирсек болорун айттым. Өзгөчө кыш мезгили катаал болгон аймакка биз жибере турган материалдар даяр.Бул тууралуу тийиштүү тараптардын уруксатын күтүп жатабыз»,- деди.

Кынык Беларусияга мыйзамдуу түрдө кирген бирок Европага баруу үчүн бул өлкөдөн Польшага өтүүгө аракет кылган адамдарга эң кыска убакытта керектүү колдоону берүүнү каалагандарын айтып : «Биз ким экендигине карабастан адамды адам катары көргөн бир цивилизациянын балдарыбыз. Бардык адамзаттык ушундай болушу керек. Биздин оюбузча мыйзамсыз адам жок. Биздин оюбузча миграцияга мажбурланган, кыйынчылыктан улам үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон адам бар. Бул адамдар да алсыз, күчсүз жана дагы көп коргоого муктаж»,- деди.



Тектеш кабарлар