Чавушоглу Молдовада...

Министр Чавушоглу Молдованын борбор шаары Кишиневдо бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Молдованын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана европалык интеграция министри Нику Попеску менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1735699
Чавушоглу Молдовада...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Молдованы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери колдоп келгенин белгилеп:«Биз Молдованын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн толук колдой турганыбызды ар дайым баса белгилейбиз»,-деди.

Министр Чавушоглу Молдованын борбор шаары Кишиневдо бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Молдованын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана европалык интеграция министри Нику Попеску менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Молдова менен карым-катнаштардын орток маданий жана тарыхый байланыштарга таянганын баса белгиледи.

Келээрки жылы дипломатиялык карым-катнаштардын 30 жылдыгын белгилей тургандарын белгилеген Чавушоглу, келерки жылы да орток иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашкандарын айтты.

Чавушоглу Молдованын ажырагыс бир бөлүгү болгон Гагауз автономиясынын Түркия менен Молдованын ортосундагы карым-катнаштарды бекемдеген достук көпүрөсү экенин баса белгиледи.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өскөнүн белгилеген Чавушоглу 1 миллиард долларлык максатка күн сайын жакындап баратканын белгилеп: «Биздин компаниялар Молдовада чоң долбоорлорду ишке ашырып жатканына абдан кубанычтабыз жана түрк компанияларын Молдовага көбүрөөк инвестиция салууга үндөйбүз»,- деди.

Эки өлкөнүн жарандарынын паспорту жок өздүк картасы менен саякат кыла ала тургандыгы менен туризм тармагындагы карым-катнаштар жылдан жылга күчөп баратканын белгилеген Чавушоглу, Молдовалык туристтер өткөн жылы да, быйыл да эң көп тандаган өлкө Түркия болгонун айтты.

Чавушоглу эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик эпидемия учурунда бардыгы тарабынан көрүлгөнүн баса белгилеп: «Бүгүн биз вакцина сертификаттарын өз ара таануу үчүн зарыл чараларды көрүүнү макулдаштык. Бүгүн мен Никуга Молдовага керек болсо, кошумча вакциналарды жөнөтө аларыбызды айттым»,-деди.

Чавушоглу:«Биз кийинки процессте бүткүл Молдова боюнча өнүктүрүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деп айтты.

41)

Мевлүт Чавушоглу Молдова Парламентинин төрагасы Игорь Гросу жана Гагауз автономиялык аймагынын президенти Ирина Влах менен да жолугушту.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан маалымат бөлүшүп: «Биз Молдова Парламентинин төрагасы Игорь Гросу менен жолугуштук. Биз мамилелерибиздин парламенттик өңүттөрүн мындан ары да өнүктүрөбүз»,-деген сөздөргө орун берди.

Чавушоглу Влах менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүүсүндө: «Гагауз мекендештерибиз Молдова менен мамилебизди бекемдеп жатышат», - деди.

Чавушоглу премьер-министр Наталья Гаврилита тарабынан да кабыл алынды.



Тектеш кабарлар