Хулуси Акар : "2021 - жылы 2 426 террорист жок кылынды"

Акар борбор шаар Анкарада Түркия  Улуттук Парламентинин  План жана бюджет комитетинде берген билдирүүсүндө жикчил террордук уюм ПККнын ЙПГ менен бирдей экендигинде эч кандай шек жок экенин айтты.

1734690
Хулуси Акар : "2021 -  жылы 2 426 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар өлкөдө, Ирак менен Сириянын түндүгүндө 2015 - жылдын 24 - июлунан бери 32 901, бул жылдын башынан бери 2 426 террористтин жок кылынганын айтты.

Акар борбор шаар Анкарада Түркия  Улуттук Парламентинин  План жана бюджет комитетинде берген билдирүүсүндө жикчил террордук уюм ПККнын ЙПГ менен бирдей экендигинде эч кандай шек жок экенин айтып : “Асыл улутубузду террор балээсинен куткарууда чечкиндүүбүз, Мехметчиктин деми террористтердин желкесинде”,-деди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн  өз өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн гана эмес, дос жана боордош өлкөлөрдүн тынчтыгы, бейпилдиги үчүн да күрөшүп жатканын белгилеген Акар : «500 жылдык бир туугандык карым - катнашыбыз бар Ливияда эки тараптуу келишимдерибиз жана Түркия Улуттук Парламентинин бекитүүсү боюнча иш алып барабыз; аскердик машыгуу, жардам жана кеңеш берүү иш - чараларын жүргүзүп жатабыз. Бир нерсени жакшы түшүнүү керек, Биз Ливияда чет элдик күч эмеспиз»,-деди.

Акар Ливияда ырааттуулук үчүн өнүгүү  жана саясий процесс башталган болсо мунун Түркиянын салымдары менен мүмкүн болгонун айтып : «Ливиялык бийликтер да бул чындыкты айтып жатышат. Биздин максатыбыз "Ливия ливиялыктарга таандык" деген түшүнүк менен жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин камсыздаган, тынчтык жана ырааттуулукта жашаган Ливиянын түзүлүшүнө салым кошуу»,- деди.

Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн бүгүнкү күнгө чейин Афганистанда маанилүү милдеттерди аткаргандыгын, Бириккен Улуттар Уюму жана НАТОнун чечимдеринин негизинде 2002 - жылдан бери Афганистанда 20 000ге жакын кызматкердин иштегенин айтып : «Түркия катары мындан ары аймактагы окуяларды жакындан байкоону улантабыз, ушул алкакта Катар менен бардык афган эли үчүн маанилүү болгон Кабул аэропорту боюнча иштерди улантуудабыз»,- деди.

Министр Акар өзгөчө Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодо чечкиндүү экендиктерин билдирип : «Жакшы ниеттүү диалогго чакырууларыбызга карабастан, Грециянын ар кандай адилетсиз жана мыйзамсыз иш - аракеттерине дипломатиялык тармакта өз ара мамиленин алкагында жооп берилет. Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  өзүбүздүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоодо чечкиндүүбүз», -деди.



Тектеш кабарлар