Эрдоган Жаштар фестивалына катышты

Президент Эрдоган фестивалда сөз сүйлөдү.

1734702
Эрдоган Жаштар фестивалына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштардын күтүүлөрү алар үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Миллет бакчасында өткөрүлгөн Жергиликтүү Башкаруулар Жаштар фестивалына катышты.

Президент, Европа менен Азия тез картая баштаган мезгилде Түркиянын калкынын үчтөн биринин балдар жана жаштардан турушунун маанилүү экенин баса белгилеп: «Жаштарыбызга ишенип тапшыра турган 2053-жылга карата көз карашыбыздын алгачкы кадамын Жашыл өнүгүү максаты менен таштадык»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин жаштарыбыздын кыялдары, күтүүлөрү, ойлору, чечкиндүүлүктөрү жана сунуштары биз үчүн өтө маанилүү»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар